БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Бейшембиде күндүз өлкө боюнча жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +9…+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +10…+15, Ысык-Көл өрөөнүндө +1…+6, Нарында -3…+2 градуска жетет.
Күндүн табы Бишкекте +11…+13, Ош шаарында +13…+15 градус жылыйт.