"Ала-Тоо" аянтындагы жол кырсыктан бир нече унаа талкаланды. Видео

Күбөлөрдүн айтымында, маршруттук такси менен жеңил унаа кагышкан. Кырсыктын кесепетинен жолдун четинде токтоп турган бир нече автоунаа дагы талкаланган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтына жакын жердеги Киев көчөсүндө ири жол кырсыгы болду. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирди.
Маалыматка караганда, маршруттук такси менен жеңил унаа кагышкан. Кырсыктын кесепетинен жолдун четинде токтоп турган бир нече автоунаанын арткы бөлүктөрү майрыйып калган.
1 / 2
"Ала-Тоо" аянтына жакын жердеги Киев көчөсүндө ири жол кырсыгы болду
2 / 2
Маалыматка караганда, маршруттук такси менен жеңил унаа кагышкан
Милициянын кайгуул кызматы кырсыктын себептери такталып жаткандыгын кабарлады.