Радио

Айдаралиева: өлкөдө 929 соцкызматкер 10 миңге чукул адамга кам көрөт

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Гүлзада Айдаралиева карылар үйүндө 396 улгайган жаран бар экенин белгиледи.
Sputnik
Өлкөдө социалдык кызматкерлер жетишсиз жана маянасы аз. Бул тууралуу Гүлзада Айдаралиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, республика боюнча 929 гана социалдык кызматкер 9 924кө чукул адамга кам көрүүдө.
"Социалдык кызматкерлердин маянасы абдан аз. Бул көнүмүш жагдай катары кабыл алынып калды. Ошондуктан социалдык кам көрүүгө муктаждарга мамлекет, өкмөт эле жардам бериш керек дебестен, жалпы коомчулук дагы бул багытта иш алып баруусу зарыл. Маселен, чет өлкөлөрдө туура тамактанууну колго алып, улгайган жарандарга жөө басуусу үчүн тротуарлар салынып шарт түзүлгөн. Ошондуктан ал жакта орточо жаш курагы жогору. Ал эми бизде бул көрсөткүч эркектерде 72, аялдарда 75-80 жаш. Учурда өлкөдө алты социалдык стационардык мекеме бар. Аларда 396 улгайган жаранга камкордук көрүлүүдө. Мамлекет тарабынан алардын ар бирине күнүнө тамак-ашына 100, дары-дармегине 12,5 сомдон каралган", — деди Айдаралиева.
Ошондой эле ал карылар үйүндөгү улгайган жарандардын пенсиясынын камсыздандыруу жана топтоо бөлүгү өздөрүнө берилерин кошумчалады.