Башкы кеңсеси Бишкекте болот. Өзбек-кыргыз фонду боюнча кенен маалымат берилди

Фонддун башкы кеңсеси Бишкек шаарында жайгашып, экономикалык артыкчылыктуу тармактардагы өзүн-өзү актоочу долбоорлорду каржылайт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. – Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөтү өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, фонддун уставдык капиталы 50 миллион долларды түзөт. Документке президент Садыр Жапаровдун республикага жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлду.
"Фонд Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикалык кызматташуусуна көмөк көрсөтүү, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында негизделген. Фонддун милдети, функциясы, түзүмү жана иштөө тартиби, ошондой эле анын башкаруу органдарынын компетенциясы жана ыйгарым укугу устав аркылуу аныкталат", — деп айтылат маалыматта.
Фонддун башкы кеңсеси Бишкек шаарында жайгашат.
Фонд Кыргызстандагы экономикалык артыкчылыктуу тармактардагы өзүн-өзү актоочу долбоорлорду, анын ичинде төмөнкү багыттардагы каржылоону ишке ашырат:
Фонд эл аралык уюмдар, корпорациялар жана өнүктүрүү институттары менен Кыргызстандын аймагындагы долбоорлорду ишке ашыруу максатында иштешет. Ошондой эле Фонд тарабынан колдоого алынган долбоорлорго техникалык көмөк көрсөтүлөт.