"Оскар" сыйлыгына ат салышып жаткан 8 тасма

Дүйнөдөгү белгилүү киносыйлыкка сегиз фильм ат салышууда. Алардын баары 2021-жылдын кыш мезгили аяктаганга чейин прокатка чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Америкалык "Оскар" киноакадемиясы "Мыкты тасма" категориясында күч сынашып жаткан фильмдерди жарыялаганын РИА Новости кабарлады.
"Мыктылардын" тизмесине 2021-жылдын кыш мезгили аяктаганга чейин прокатка чыккан сегиз кинокартина илинген.

"Манк"

Тасма Голливуддун белгилүү автору, сценаристи тууралуу. Фильмди Дэвид Финчер жараткан. Анда башкы каармандардын ролун Гэри Олдман жана Аманда Сейфрид аткарышкан.

"Отец"

Бул кинокартина улгайган жалгыз кишинин жашоосун жана анын кызы менен болгон мамилесин баяндайт.

"Суд над чикагской семёркой"

Бул драма жанрындагы тасма. Фильм Вьетнамдагы согушка жана көчөдөгү башаламандыкка тиешеси бар делип соттолгон топ жөнүндөгү реалдуу окуянын негизинде тартылган.

"Земля кочевников"

Бул кинокартина жолдошунан айрылып, үй-жайынан, жумушунан кол жууп, ар кайсы жерде тентип иштеп калган аялдын турмушун сүрөттөйт. Башкы ролду Фрэнсис Макдорманд ойногон.

"Минари"

Фильмде корей үй-бүлөсү ферма салып, байыш үчүн Калифорниядан Арканзаска көчүп келишет. Бирок америкалык кыялына жетүү аларга оңойго турбайт.

"Девушка, падающая надежды"

Тасманын башкы каарманы Касандра Томас эки жашоодо жашайт. Күндүз ал кофейняда иштесе, кечинде өч алуу максатында мас болгон кыздарды зордуктаган эркектерди аңдыйт.

"Иуда и черный Мессия"

Кинокартинада федералдык иликтөө бюросу Уильям Нил аттуу автоунааларды айдап качкан адамды кармайт. Бирок камабай аны менен ири келишим түзүшөт.

"Звук металла"

Барабанчы Рубен менен анын сүйлөшкөн кызы, гитарачы Лу ар кайсы мамлекетти кыдырып концерт беришет. Иш-чаралардын биринде музыкант айланадагы добуштарды мурдагыдай укпай калганын сезет.
"Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи 25-апрелде өтө турганы маалым болду.