Артём Новиков өспүрүмдөр спортун жайылтуу үчүн 6 тапшырма берди

Новиков Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги ушунча жылдан бери спорттун түрүн өнүктүрүү жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу боюнча кандай иштерди алып барып жаткандыгы түшүнүксүз экенин айтып, сындады.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Өлкөдө балдар жана өспүрүмдөр спорту өнүкпөй жатат, себеби – балдар машыгуучу жайлар жана тийиштүү инфраструктура жок. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Артём Новиков балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү боюнча кеңешмеде айтканын өкмөттөн билдиришти.
1 / 3
Өлкөдө балдар жана өспүрүмдөр спорту өнүкпөй жатат, себеби – балдар машыгуучу жайлар жана тийиштүү инфраструктура жо
2 / 3
Бул тууралуу биринчи вице-премьер Артём Новиков балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү боюнча кеңешмеде айтканын өкмөттөн билдиришти
3 / 3
Новиков спортту өнүктүрүү маселеси четте калганын белгилеген.
Новиков спортту өнүктүрүү маселеси четте калганын белгилеген.
"Адамдын ден соолугунун сактыгынын 50 пайызы анын кыймыл активдүүлүгүнөн көз каранды. Балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү маселеси четте калууда. Статистика көрсөткөндөй, 2016-жылдан тарта спорттук объектилердин саны бир нече эсеге кыскарган. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги ушунча жылдан бери спорттун түрүн өнүктүрүү жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу боюнча кандай иштерди алып барып жаткандыгы түшүнүксүз", — деди вице-премьер.
Новиков программа жана долбоорлордун көпчүлүгү иштебейт.
"Мисалы, өкмөттүн "2018-2022-жылдар аралыгындагы Кыргызстандагы спорт" программасынын биринчи пункту катары тегиз аянттарды куруу милдети коюлган жана анда каржылоо булагы да көрсөтүлгөн. Биздин чечимдер кагазда гана калып, ишке ашырылбай жаткандай туюлат", — деди ал.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча 2021-жылдын март айынын соңуна чейин төмөндөгүлөрдү аткаруу тапшырылды: