Вирусту 73 адам жуктуруп, Чүйдө бир киши көз жумду. COVID боюнча статистика

Өлкөдө расмий маалымат боюнча, жугуштуу оору 87 миңге чукул адамда аныкталып, анын тең жарымы сакайды. Тилекке каршы, миңден ашуун киши өтүп кетти.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргызстанда соңку суткада коронавирусту 73 адам жуктуруп, 49 киши айыкты жана бир бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Коронавирусту жуктургандар:
Жалпысынан жуктургандар 86 990 болду.
COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар:
Ушуну менен жалпы эсепте 83 924 бейтап сакайды.
Тилекке каршы, коронавирустан Чүй облусунда бир бейтап көз жумду. Расмий маалымат боюнча, пандемиядан бери 1 484 адам каза тапты.
Учурда стационарда 337 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен эки адамдын абалы канааттандырарлык, 233ү орточо, 87си оор жана 15и өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 307 бейтап бар.