Өлкөдө аялдардын канча пайызы иштеп, кандай пенсия алат. Статистика

Кыргызстанда эркектерге салыштырмалуу аялдар арасында иштегендер аз. Аны менен катар аялдардын айлыгы жана пенсиясы дагы салыштырмалуу төмөн.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Улуттук статистика комитети Кыргызстанда кыз-келиндердин иш менен камсыз болуусу жана айлык акысы тууралуу маалымат жарыялады.
Ага ылайык, айыл жергесинде жашаган аялдардын арасынан 43 пайызы иштесе, шаарда бул көрсөткүч 50 пайызга жетери белгилүү болду.
Аялдар арасында жумушсуздук 25-29 жаштагылар арасында күч алган. Тагыраагы, бул курактагы эркектердин 89 пайызы иштеп жүрсө, аялдардын 45 пайызынын гана жумушу бар.
Кыргызстандык кыздардын көбү канча жашында турмушка чыгат. Статистика
Бирок буга аялдар үчүн жумуштун жоктугу эмес, кыздардын турмушка чыгып, балалуу болушу себеп болору айтылат. Көпчүлүк аялдар 50 жашка чукул кайрадан иштөөгө аракет кыла башташат. Анткени балдар чоңоюп, энелердин колу бошоп калат.
Пенсия алгандардын арасында аялдардын саны көп, бирок пенсиясынын көлөмү эркектердикинен бир аз төмөн. 2019-жылкы маалыматка караганда, КРде пенсия алган эркектердин саны 241 миңди түзсө, аялдар алардан дээрлик эки эсе көптүк кылып 452 миңге жетет. Эркектердин орточо пенсиясы айына 5 856 сом болсо, аялдардыкы 5 403 сом.
Ошондой эле аялдардын айлыгы эркектердикинен 24,6 пайызга төмөн.