БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Катар өкмөтү Бишкек шаарында Травматология жана ортопедия борборунун 9 миллион 240 миң долларлык имаратын бекер куруп берет. Бул тууралуу аталган борбордун директору Сабырбек Жумабеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Бүгүн Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайити мырза менен жолукканда ал Катардын өкмөтү Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборунун тогуз кабаттуу, заманбап технологиялар менен жабдылган жаңы имаратынын курулушуна багытталган 9 миллион 240 миң доллар бөлүнгөнүн билдирди. Бул каражат 100 пайыз грант түрүндө берилет. Кредит эмес, кайтарбайбыз", — деп жазган ал.
Жумабеков курулуш иштери боюнча тендер өткөрүүнү Катар тарап көзөмөлдөй тургандыгын айткан.
"Биздин өтүнүч менен тендер маселеси элчилик тарабынан өткөрүлүп, курулушту аягына чейин өздөрү көзөмөлгө ала турган болду (түшүндүңөр да)", — деп жазган Жумабеков.
Дарыгер жер, документ жана башка маселелер канчалык эрте бүтсө, курулуш ошончолук эртерээк башталарын кошумчалады.