БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кара-Сууда туулган күнгө барган кишилер эмнеден ууланганын Sputnik агенттигине Ош шаардык жана облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш коопсуздугу боюнча бөлүмүнүн башчысы Гүлжан Жээнбаева билдирди.
Бирок Санэпидем көзөмөл борборунун кызматкери Гүлжан Жээнбаеванын айтымында, ууланган эки киши учурда Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат. Ал эми 11 бейтап Кара-Суу аймактык ооруканасында дарыланууда, абалдары туруктуу.
"Лабораториялык иликтөөлөрдүн жыйынтыгында туулган күндө дасторконго коюлган ширелерден, салаттан, бадыраңдан ботулизмди козгогучтар аныкталды", — деди Жээнбаева.
Ош шаарынын аймагында үй шартында консерваланган азыктарга карата рейддер уланып жатканы, акыркы эки күндө калаанын борбордук базарынан 150 литрден ашык чапталган продукциялар лабораторияга жөнөтүлгөнү айтылды.