Ирактан 79 кыргызстандык бала мекенине кайтарылды. Сүрөттөр

Балдарды куткарууга багытталган гуманитардык миссия мындай масштабдагы алгачкы репатриациялык иш-чара болгону белгиленет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Ирак Республикасындагы кыргызстандык 79 бала Бишкекке кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Бул "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында жүзөгө ашырылып, бүгүн, 16-мартта, балдар өлкөгө атайын борт менен учуп келишкен.
1 / 10
Ирак Республикасындагы кыргызстандык 79 бала Бишкекке кайтарылды
2 / 10
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады
3 / 10
Бул "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында жүзөгө ашырылып, бүгүн, 16-мартта, балдар өлкөгө атайын борт менен учуп келишкен
4 / 10
Өмүрү жана ден соолугу үчүн өтө кооптуу абалга кабылган жана мамлекет тарабынан коргоо укугуна ээ болгон балдарды куткарууга багытталган бул гуманитардык миссия мындай мүнөздөгү жана масштабдагы алгачкы репатриациялык иш-чара болгону белгиленет
5 / 10
Ирак тарап менен узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин балдарды мекенине кайтаруу иш-чараларын уюштуруу боюнча февраль айынын аягында гуманитардык миссия менен дипломатиялык кызматкерлердин, өкмөттүн жана башка компетенттүү органдардын өкүлдөрүнүн түзүлгөн жумушчу топ жөнөтүлгөн
6 / 10
"Балдарды кийин туугандарына өткөрүп берүү үчүн тийиштүү кызматтар аларды реабилитациялоо жана ресоциализациялоо иштерин жүргүзүүгө тийиш. Белгилеп кетчү нерсе, балдардын Иракта калган энелеринин, ошондой эле аларды тарбиялоого өз үй-бүлөлөрүнө алууну каалаган туугандарынын макулдугу менен ишке ашырылды", — деп айтылат маалыматта
7 / 10
Кыргыз өкмөтү мекенине кайтарылган балдарга ар тараптуу жардам берүүнү, тез арада реабилитациялоо, реинтеграциялоо жана нормалдуу тынч жашоого кайтаруу боюнча бардык иш-чараларды өткөрүүнү убадалады
8 / 10
Ошондой эле өкмөт балдарды репатриациялоо процессин уюштурууга көрсөткөн көмөгү үчүн ирак өкмөтүнө, гуманитардык миссияны жүзөгө ашырууга көрсөткөн зор колдоосу жана кызматташуусу үчүн БУУнун Балдар фондунун Бишкектеги жана Багдаддагы өкүлчүлүктөрүнө, Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомуна ыраазычылыгын билдирди
9 / 10
Ирактан кыргызстандык балдар Бишкекке кайтарылды
10 / 10
Ирактан кыргызстандык балдар Бишкекке кайтарылды
Өмүрү жана ден соолугу үчүн өтө кооптуу абалга кабылган жана мамлекет тарабынан коргоо укугуна ээ болгон балдарды куткарууга багытталган бул гуманитардык миссия мындай мүнөздөгү жана масштабдагы алгачкы репатриациялык иш-чара болгону белгиленет.
Ирак тарап менен узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин балдарды мекенине кайтаруу иш-чараларын уюштуруу боюнча февраль айынын аягында гуманитардык миссия менен дипломатиялык кызматкерлердин, өкмөттүн жана башка компетенттүү органдардын өкүлдөрүнүн түзүлгөн жумушчу топ жөнөтүлгөн.
"Балдарды кийин туугандарына өткөрүп берүү үчүн тийиштүү кызматтар аларды реабилитациялоо жана ресоциализациялоо иштерин жүргүзүүгө тийиш. Белгилеп кетчү нерсе, балдардын Иракта калган энелеринин, ошондой эле аларды тарбиялоого өз үй-бүлөлөрүнө алууну каалаган туугандарынын макулдугу менен ишке ашырылды", — деп айтылат маалыматта.
Кыргыз өкмөтү мекенине кайтарылган балдарга ар тараптуу жардам берүүнү, тез арада реабилитациялоо, реинтеграциялоо жана нормалдуу тынч жашоого кайтаруу боюнча бардык иш-чараларды өткөрүүнү убадалады.
Ошондой эле өкмөт балдарды репатриациялоо процессин уюштурууга көрсөткөн көмөгү үчүн ирак өкмөтүнө, гуманитардык миссияны жүзөгө ашырууга көрсөткөн зор колдоосу жана кызматташуусу үчүн БУУнун Балдар фондунун Бишкектеги жана Багдаддагы өкүлчүлүктөрүнө, Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомуна ыраазычылыгын билдирди.