Радио

Кожогулов: лизингге техниканы эми 9% менен берүү каралууда

Механизациялоо жана айыл чарбасын энергия менен камсыз кылуу департаментинин директору Нурлан Кожогулов дыйкандарга айыл чарба техникасы 10 жылга чейин лизингге берилерин айтты.
Sputnik
Дыйкандар жылдан-жылга кубаттуу айыл чарба техникасын талап кылууда. Аталган максат үчүн лизинг программасы каралган. Бул тууралуу Нурлан Кожогулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 10 жыл аралыгында өлкөгө 5 миллиард сомго 3 200 даана айыл чарба техникасы алып келинип, дыйкандарга таратылган.
"Айыл чарба тармагы да ордунда турбай дайыма жаңыланып, өсүп турат. Андагы жаңы чыккан техника менен биздин дыйкандарды камсыздоо максатында 2011-жылы лизинг программасы кабыл алынган. Учурда ал аркылуу фермерлер алты пайыздык чен менен 10 жылга чейин керектүү шайманын ала алат. Насыялар сом менен берилет. Андыктан инфляцияга кептелүү коркунучу жок. Программа колго алынгандан тарта жалпысынан өлкө аймагына 3 200 жаңы техника кирип, дыйкандарга таратылган. Евразия өнүктүрүү банкынан бул жаатка каралган 540 миллион сомдун 80 миллиону бөлүнүп, учурда ага да техника алынган. Мындан сырткары, министрлик донорлор аркылуу 408 миллион сомго айыл чарба техникасын сатып алууну пландап жатат. Бул долбоор аркылуу лизинг тогуз пайыз менен берилип, баштапкы төлөмү 10 пайызга чейин түшүрүлөт", — деди Кожогулов.
Ал жаңы техника менен чогуу дыйкандарды колдонулган айыл чарба шаймандары менен камсыздоо программасы да бар экендигин кошумчалады.