БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Бишкектеги милиция кызматкерлеринин жубайлары "Офицердин жары" медалы менен сыйланышты. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүдө офицердин жубайы болуу оңой эместиги, күн сайын жүрөгүндөгү тынчсыздануу менен күйөөсүн жумушка узатып, анын келишин чыдамсыздык менен күтүп, ошол эле маалда балдарга кам көрөрү белгиленди.
"Офицердин жары күйөөсүнүн кызматындагы күтүүсүз коркунучтар, ыкчам иш-чаралар жана командировкалар сыяктуу оор түйшүктү бирге тартат. Ошондой эле милиционерлерге Ата Мекен үчүн жан дүйнөсү менен ак кызмат кылууга шарт түзүп берип, коомдун коопсуздугун камсыз кылууга чоң салым кошуп жатышат", — деп айтылат маалыматта.
Бишкек милициясынын башчысынын орун басары офицерлерди колдогон жана аларга кам көргөн аялдар медалдан да чоң сыйлыкка татыктуу экенин белгиледи.