Коргоо министри Баткенде ири машыгуулардын даярдыгын текшерди. Сүрөт

Коргоо ведомствосунун башчысы Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан кошуундарга жана аскер бөлүктөрүнө барууну да пландаштырууда.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев "Коопсуздук-2021" жана "Калыптоо-2021" машыгууларынын даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 6
Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев "Коопсуздук-2021" жана "Калыптоо-2021" машыгууларынын даярдыгын текшерди
2 / 6
Өмүралиев бүгүн, 16-мартта, ыкчам-талаа иш сапары менен Баткен шаарына барган
3 / 6
Коргоо ведомствосунун башчысы Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан кошуундарга жана аскер бөлүктөрүнө барууну да пландаштырууда
4 / 6
Анда күжүрмөн даярдыктын абалын текшерүүгө өзгөчө көңүл бурулат
5 / 6
Коопсуздук-2021" жана "Калыптоо-2021" машыгуулары 2021-жылдын 30-мартынан 1-апрелине чейин Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында бир нече органдын катышуусунда өтөт
6 / 6
Машыгууга эки миңдей адам катышып, болжол менен 100дөй унаа, сооттолгон жана атайын техника, 20га жакын артиллериялык тутум (системалар) жана 10го чукул авиатехника тартылат
Өмүралиев бүгүн, 16-мартта, ыкчам-талаа иш сапары менен Баткен шаарына барган.
Коргоо ведомствосунун башчысы Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан кошуундарга жана аскер бөлүктөрүнө барууну да пландаштырууда. Анда күжүрмөн даярдыктын абалын текшерүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Эне жүрөгүн элжиреткен "Шумкарлар". Аскерлер айымдарга белек беришти. Видео
"Коопсуздук-2021" жана "Калыптоо-2021" машыгуулары 2021-жылдын 30-мартынан 1-апрелине чейин Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында бир нече органдын катышуусунда өтөт. Атап айтканда, ага КРдин Куралдуу күчтөрүнүн башкаруу органдары, өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы, Баткен шаардык мэриясы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмдөрү, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тартылат.
Машыгууга эки миңдей адам катышып, болжол менен 100дөй унаа, сооттолгон жана атайын техника, 20га жакын артиллериялык тутум (системалар) жана 10го чукул авиатехника тартылат.