Азат Базаркулов кайрадан MegaCom компаниясынын жетекчиси болду

Азат Базаркулов Альфа Телеком компаниясынын кайрадан башкы директору болуп дайындалды. Архив
Компанияны буга чейин жетектеп келген Акылбек Жаманкулов өз арызы менен кызматтан кеткени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Азат Базаркулов кайрадан "Альфа Телеком" (MegaCom) компаниясынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.
2018-жылдан бери "Альфа Телекомду" жетектеп келген Акылбек Жаманкулов өз арызы менен кызматтан кеткен.
Эскерте кетсек, Азат Базаркулов аталган компанияны 2012-2018-жылдары жетектеген.