Даярдангыла! Апрелде өлкөнүн мыкты жиу-житсучулары тандалат

Өлкө чемпионаты чоңдор, жаштар, өспүрүмдөр арасында өткөрүлүп, кыздар-балдар катышат. Жеңип чыккандардан эл аралык мелдештерге бара турчу команда куралат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Бишкекте 11-12-апрель күндөрү жиу-житсу боюнча Кыргызстандын чемпионаты өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган федерация кабарлады.
Аба ырайынан улам футбол боюнча өлкө чемпионатынын беттештери жылды
Өлкө чемпионаты чоңдор, жаштар, өспүрүмдөр арасында өткөрүлүп, кыздар-балдар катышат. Ар биринде бир нече салмак категориясы каралган.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медаль жана дипломдор менен сыйланат. Эң башкысы — эл аралык мелдештерге катыша турчу спортчулардан команда куралары белгиленди.