Тажикстанда кармалган кыргызстандыктар мекенине кайтарылды

Кыргызстандын жарандары Тажикстандын соту тарабынан соттолуп, кошуна мамлекеттин мыйзамы боюнча айып салынып, сот залынан коё берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Тажикстанда кармалып турган жети кыргызстандык мекенине кайтарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, кыргыз жарандары кечээ бошотулган.
"Буга чейин Тажикстандын чек арасын мыйзамсыз өттү деп айыпталып, кошуна өлкөнүн мамлекеттик органдары тарабынан кармалган Баткен облусунун беш тургуну, Ош облусунун эки жашоочусу 13-14-мартта Кыргызстанга кайтарылды", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле 26-февралда Бишкек шаарынын эки тургуну бошотулган. Жарандардын мал-мүлкү, унаалары толугу менен ээлерине берилди.
Кыргызстандын жарандары Тажикстандын соту тарабынан соттолуп, кошуна мамлекеттин мыйзамы боюнча айып салынып, сот залынан коё берилген.
Ташиев төрт күнгө Тажикстанга барат. Талкууланчу маселелер
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 23-февраль күнү кошуна өлкөнүн аймагынан кармалган Лейлек районунун үч тургуну ыйгарым укуктуу өкүл Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында бошотулган. Алар Тажикстандын аймагынан эмес, мамлекеттик чек ара сызыгынан кармалгандыгы үчүн эскертүү гана берилген.
Учурда чек арадан өтүү эрежелери боюнча телевидение, радио, гезит, социалдык тармактар аркылуу маалыматтар айтылып, облустун чек аралаш аймактарында акимдер, айыл аймак башчылары эл менен жолугушуп, түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Тийиштүү жерлерге атайын белгилер орнотулган.
Кыргызстан Сирияда калган жарандарын алып келүү үчүн учак жиберет
Баткен жана Согди облустарынын чектеш аймактарынын ортосундагы бул маселелерди чечүү боюнча эртең, 16-мартта, өкмөттүн өкүлү Өмүрбек Суваналиев Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолугушат. Анда эки облустун чек аралаш аймакта жашаган элинин суранычы боюнча пандемиядан улам жабылган Лейлек районундагы "Кулунду" жана "Кайрагач" көзөмөл өткөрүү жайын ачуу маселесин да карашат.
Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өттү деп айыпталып Тажикстандын 15 жараны кармалып, эки айга камакка алынган. Алар да Кыргызстандын мыйзамы боюнча жоопкерчиликке тартылат.