Ташиев: кыргыз-тажик чек арасы чечилип жатканда үйлөр бузулушу мүмкүн

Учурда УКМКнын төрагасы Баткен облусунун тургундары менен жолугушуу өткөрүп жатат. Андан ары ал чек ара маселеси талкууланчу жыйынга катышуу үчүн Тажикстандын Кожент шаарына кетет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасы аныкталып, маселе чечилип жатканда айрым үйлөр бузулуп, жашоочулар башка жакка көчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Баткен облусунун тургундары менен жолугушуу учурунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
1 / 2
Кыргыз-тажик чек арасы аныкталып, маселе чечилип жатканда айрым үйлөр бузулуп, жашоочулар башка жакка көчүрүлүшү мүмкүн
2 / 2
Ошондой эле ал эгер үйлөрү бузулган жарандар болуп калса, "мамлекет аларды талаага калтырбай, мүлкүн ордуна тургузуп берерин" кошумчалады
"Чек араны аныктап жатканда сызык бир айылдын ортосунан же жанынан өтүп калышы мүмкүн. Мындай учурда 5-10 үй бузулуп же огороду кесилип калышы толук ыктымал. Жарандар муну түшүнүү менен кабыл алып, ызы-чуу салбашы керек. Мамлекеттик чек араны аныктап, бүтүндүгүн сакташ үчүн айыл эли бири-бирине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн башка жакка жылып жашоого макул болушу зарыл", — деди атайын кызматтын төрагасы.
Тажикстанда кармалган кыргызстандыктар мекенине кайтарылды
Ошондой эле ал эгер үйлөрү бузулган жарандар болуп калса, "мамлекет аларды талаага калтырбай, мүлкүн ордуна тургузуп берерин" кошумчалады.
УКМК төрагасы Баткенден ары Тажикстандын Кожент шаарына кетет. Ал жерде 15-18-март күндөрү кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясы эки мамлекеттин ортосундагы чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйынга чогулмакчы.