Ташиев төрт күнгө Тажикстанга барат. Талкууланчу маселелер

УКМК жетекчилери кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркациялоодон башка дагы маселелерди талкууламакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Тажикстандын Кожент шаарында 15-18-мартта кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясы эки мамлекеттин ортосундагы чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйынга чогулат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кыргызстандын делегациясын өкмөттөр аралык комиссиянын төрагасы, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев, ал эми коңшу мамлекеттин делегациясы менен комиссиясын Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимов жетектейт.
Сох анклавы боюнча туура эмес маалымат тарады. Облус жетекчилигинин түшүндүрмөсү
Аталган ведомстводон бул алардын атайын кызматтын жетекчиси катары биринчи жолугушуусу болгондуктан чек аранын делимитация жана демаркация маселесинен башка да суроолор талкууланарын кабарлашты.
Тагыраагы, эки тараптын кызматташуусу, Кыргызстан менен Тажикстандын коопсуздугуна коркунуч келтирген учурларга каршы туруу боюнча да сөз болмокчу.