12 миңге жакындап барды. Шаардык кеңешке аттанган талапкерлердин тизмеси

Бишкек шаардык кеңешиндеги бир депутаттык орунга 40 талапкер туура келип жатат. Бул республика боюнча эң көп көрсөткүч.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 28 саясий партиянын шаардык кеңешке депутат болууну каалаган талапкерлеринин аты-жөнүн жарыялады.
Бишкек шаардык кеңештеги 45 орунга 1 820 талапкер аттанган
Ар бир депутаттык мандатка орто эсеп менен 14 талапкер ат салышууда. Шайлоого камынган саясий партиялар менен жарандардын көбү Бишкек шаарына туура келет. Тагыраагы, 25 партия жана бир орунга 40 талапкер ат салышууда. Эң азы Көк-Жаңгак шаарында. Аталган аймакта үч партия жана депутаттык бир орунга 5 кишиден туура келген.