Радио

Муратова: сатуучу керектөөчүгө чек берүүгө милдеттүү

Жарнама, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, ак ниет эмес атаандаштык жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Динара Муратова кардар товарды сатып алгандан кийин чек талап кылууга милдеттүү экендигин билдирди.
Sputnik
Кыргызстандын шартында керектөөчүнүн укугу дайыма корголбой келет. Бул тууралуу Динара Муратова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Анын айтымында, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө мыйзам боюнча сатуучу менен кардардын ортосундагы оозеки да келишим түзсө болот.
"Кандай гана болбосун кардар менен сатуучунун ортосунда оозеки келишим болушу керек. Ал мыйзам боюнча күчүндө болот. Негизи керектөөчү товарды сатып алгандан кийин чек талап кылууга милдеттүү. Бирок базарлардан тиешелүү чекти алуу мүмкүн эмес. Мисалы, кийимди сатып алгандан кийин өңү, сапаты жакпай калса 14 күндүн ичинде кайра барып алмаштырып алса болот. Мындай учурда чегин жоготпошу зарыл. Сатуучу да мыйзамды жакшы билсе дароо кайтарып берет", — деди Муратова.
Ал мыйзам боюнча косметика, эмерек жана ич кийимдер кайтарылбай турган товарлардын катарына кирерин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзам 1997-жылы 10-декабрда кабыл алынган.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз: