Министр Кравцов: Кыргызстанга Россиядан эң мыкты мугалимдер жөнөтүлөт

Жакында эле Кыргызстандын бардык аймактарында Россия Федерациясынын колдоосу менен мектеп-интернаттар ачылары белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Россиянын колдоосу менен Кыргызстанда курулганы жаткан мектептерге эң мыкты мугалимдер менен методисттер жөнөтүлөт. Бул тууралуу №17 мектепке барган РФтин агартуу министри Сергей Кравцов журналисттерге билдирди.
Ал россиялык делегация президент жана премьер-министр менен жолукканда кайсы маселелер талкууланганын айтып берди.
"Биз бирдиктүү жумушчу топ түзүп жатабыз. Максатыбыз — балдарга сапаттуу билим берүү үчүн тийиштүү шарттарды түзүп берүү. Өлкө тарыхын жана улуттук тилди үйрөтүү дагы эске алынды. Жакшы шарт түзүп коюу менен гана чектелбестен эң мыкты мугалимдер менен методисттерди жөнөтөбүз", — деди Кравцов.
Эске салсак, Россиянын колдоосу менен Кыргызстандын аймагында 44 мектеп-интернатын ачуу пландалып жатат.