Пресс-борбор

Россиянын агартуу министри Кыргызстанда ачыла турган 44 мектеп тууралуу

Иш-чара дүйшөмбү күнү, 15-мартта, саат 13:00дө башталып, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин Facebook баракчасы аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.
Sputnik
Россиянын агартуу министри Сергей Кравцов Кыргызстанда 44 мектеп ачуу планы боюнча кеп салат. Ал ошондой эле журналисттердин Кыргызстанга жасаган жумушчу сапары боюнча берген суроолоруна жооп берет.
Урматтуу кесиптештер, иш-чара офлайн форматта өтөт. COVID пандемиясына байланыштуу брифинг аккредитация жана санитардык нормаларды сактоо менен уюштурулат. Орундар чектелүү.
Каалоочулар (0553) 28-27-97 номериндеги Telegram каналы аркылуу каттоодон өтө алат.