Ноокенде 33 жаштагы келин эки айдан бери изделүүдө

Дайынсыз болуп жаткан аял 2-январь күнү кечинде үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Анын туугандары жана милиция коомчулуктан жардам сурайт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Ноокен районундагы Ноокен айылынын 33 жаштагы тургуну Жаркынай Тажибаева изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Ноокен районундагы Ноокен айылынын 33 жаштагы тургуну Жаркынай Тажибаева изделүүдө
Маалыматта айтылгандай, келин 2-январь күнү саат 23:00дөр чамасында өзү жашаган үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Учурда анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыктан туугандары жана милиция коомчулуктан жардам суроодо.
"Жаркынай Тажибаеванын бою 165-170 см, өңү кара тору, кашы, көзү кара, чачы узун, мойнунда кесилген тырыгы бар. Экинчи топтогу майып, так сүйлөй албайт. Кара түстөгү узун куртка, кара шым, кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн", — деп жазылат маалыматта.
Милиция Тажибаева тууралуу кандайдыр бир маалыматы барларды төмөнкү номерлерге кабарлап коюуну суранат: 102, (03734) 5 05 44, 0755 54 00 35, 0771 05 57 75.