25 жыл ажолорду ташыган. КР авиациясынын "атасы" Ишембай Абдраимов жөнүндө 7 факты

Бүгүн ата мекендик авиациянын калыптанып өнүгүүсүнүн башында турган СССРдин эмгек сиңирген учкучу Ишембай Абдраимовдун туулган күнү. Кезинде ал өлкө аймагында далай учуп-конуу тилкелерин курдуруп, 25 жылдай мамлекет башчыларын учак менен ташыган.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан алгачкы кыргыз авиатору тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Алматыга араба менен каттаган өспүрүм. Ишембай Абраимов 1914-жылы 15-мартта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Боз-Бөлтөк айылында жарык дүйнөгө келген. 12 жашында атасынан ажырап, туугандарынын үйүндө тарбияланган. Ошол жылдары атасынын агасы ооруп калып, өспүрүм анын ордуна ат араба менен Алматы шаарына жүк ташып иштеген. Бир күнү Ташкенттен учуп келип Пишпек шаарынын четине конгон Junkers 13 учагын көрүп аябай таң калат. Дал ошондон тарта асманда учууну кыялдана баштаган.
Болочоктогу учкуч 18 жашында Ташкенттеги борбор азиялык пилоттордун улуттук мектебинде билим алган
Асманга талпынган элеттик жигит. Аба мейкиндигинде ары-бери сызып, учак менен булуттарды жиреп өтүү максаттары менен жашаган Ишембай 18 жашында Ташкенттеги борбор азиялык пилоттордун улуттук мектебине тапшырат. Ал жактан өзү курактуу 80 талапкердин ичинен сынак, медициналык кароодон жалгыз өтүп кетет. Элетте ат арабадан башка техниканы кармабаган, авиация жөнүндө оңгулуктуу түшүнүгү жок жигит алгач авиамотористке бир нече ай жардамдашып жүрүп сабактарга катыша баштайт. Түрдүү кыйынчылыктарга моюн сунбай, жаңы нерселерди үйрөнүүгө ынтызар болгон болочоктогу пилот бир жылдай билим алып У-2 учагын башкарып, экзамендерин тапшырып, 70 курсанттын арасынан тогуз бала болуп окуусун аяктаган.
Кыргыз авиациянын башында турган инсан учактын 16 түрүн ээн-эркин башкарган
Алгачкы кыргыз учкуч. Кыргызстанга кайтып келгенде үч учагы бар санитардык авиацияда иштеп, талаа-түздөргө дары чачып, аймактарга дары-дармек, ак халатчандарды жеткирип, бейтаптарды ташып иштей баштайт. Андан соң он адамдан турган жамаат биринчи жолу Фрунзе — Токмок — Рыбачье — Ананьево — Пржевальск аба каттамын ишке ашырат. Ал жылдары Ишембай Абдраимов ата мекендик авиацияда иштеген жалгыз кыргыз эле. Жаш учкуч бийик тоолуу жерде учуунун сырларын өздөштүрүп, аймактарга уча баштайт.
Ата мекендик согушка Ишембай Абдраимов да жигердүү катышып 17 медаль, сегиз орден алган
Беларусь республикасын абадан коргогон. Ата Мекендик согуш жылдары биринчи Беларусь фронтунун 16-армиясындагы 62-гвардиялык полкунун курамында кызмат өтөп, абадан коргонууда өзүнүн кесипкөйлүгүн көрсөтөт. Ал жылдары 150дөн ашык согуштук учууларды жасап, 17 медаль, сегиз орден менен сыйланган. Ошондой эле 1945-жылы СССРдин башкы прокурору Роман Руденкону экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Германиянын Нюнберг шаарында фашисттерге карата уюштурулган соттук процесске учак менен алып барган. Ал эми фронттон келгенден кийин Ленинграддагы Жарандык авиация академиясын бүтүргөн.
Абдраимов СССРдин эмгек сиңирген пилоту наамына эң биринчилерден болуп жетишкен
Кыргыз авиациясынын башында турган. Абдраимов бул тармакта жалпы 50 жылдай эмгектенип, катардагы учкучтан баштап Жарандык авиация башкармалыгынын командирине чейин жеткен. Мекемени башкарып турган 25 жыл аралыгында азыркы "Манас" эл аралык аэропорту жайгашкан жерди аныктаган топту жетектеген. Бул үчүн атайын тик учак менен ээн талаага учуп-конуп долбоорлоо иштерине катышкан. Андан сырткары, республика аймагындагы 86 авиациялык объектини ишке берген. Алардын арасында учуп-конуу тилкелери, чакан аэродромдор, тик учактарга ылайыкталган конуу аянттары бар.
Өмүрүн авиацияга, сүйгөн кесибине арнаган ардегер шакирттери жана замандаштары менен
СССРдин эң биринчи эмгек сиңирген пилоту. 1966-жылы Советтер Союзундагы республикалардын ичинен алгачкылардан болуп СССРдин эмгек сиңирген пилоту наамына ээ болот. Аталган наам союз учурунда 30га жакын учкучка ыйгарылган. Абдраимов учактын 16 түрүн ээн-эркин башкарып, абада 17 миң сааттан ашык учкан. Эң кызыгы, 25 жыл бою республика башында турган жетекчилерди ташып, алар да Абдраимовдун кесипкөйлүгүнө толук ишенишкен экен.
Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин үч жолку депутаты 2001-жылы 20-мартта 86 жашында кайтыш болгон
Конокко көп барчу эмес. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин үч жолку депутаты кесибин ушунчалык сүйгөндүктөн конокко көп барчу эмес экен. Мындай сапатын туугандары азыркыга чейин айтып келишет. Экинчи даражадагы "Манас" орденинин кавалери жубайы менен эки кызды тарбиялап чоңойткон. Жарандык авиация боюнча эл аралык уюмдун алтын медалынын ээси ардактуу эс алууга чыккандан кийин 2001-жылы 20-мартта 86 жаш курагында дүйнө салган. Азыр анын ысымын Бишкек шаарындагы бир көчө жана өзү ачкан Авиация институту алып жүрөт.
Материал учкучтун жакындарынын эскерүүлөрү жана ачык булактардагы адабияттардын негизинде жасалды.