Футболчу Гүлжигит Алыкулов Азия боюнча "Аптанын оюнчусу" болду

Сурамжылоодо чөлкөмдөгү Иран, Австралия, Япония сыяктуу алдыңкы футболдук өлкөлөрдүн оюнчулары ат салышып, Алыкулов эң көп добуш алган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Казакстандын "Кайрат" футбол клубунун кыргызстандык жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Азия чөлкөмүндө "Аптанын оюнчусу" жарышында сап башына чыкты. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынын расмий сайтында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында анык болду. 
Сурамжылоодо чөлкөмдөгү Иран, Австралия, Япония сыяктуу алдыңкы футболдук өлкөлөрдүн оюнчулары ат салышып, Алыкулов добуштун 44,31 пайызын алган. Экинчи сапка жайгашкан Россиянын "Зенит" клубунун ирандык футболчусу Сардар Азмунга добуштардын 22,42 пайызы тийген.
Сурамжылоодо чөлкөмдөгү Иран, Австралия, Япония сыяктуу алдыңкы футболдук өлкөлөрдүн оюнчулары ат салышып, Алыкулов добуштун 44,31 пайызын алган
"Кыргыз футболунун келечеги Казакстандын Суперкубогунун жарым финалынын соңку мүнөттөрүндө кооз гол киргизип, эсепти теңеп, сенсация жаратты. Алыкулов керемет гол киргизип, өзүнүн Алматыдагы ("Кайрат" командасына) экинчи сезонундагы оюнуна көңүл бурдура алды", — деп жазылат АФКнын сайтында.
КР футбол командасынын дүйнө чемпионатына тандоо оюндары жайында Японияда өтөт
3-мартта өткөн футбол боюнча Казакстан Суперкубогунун жарым финалында "Кайрат" менен "Тобол" клубу кез келип, анда Алыкулов акыркы мүнөттө кооз гол жараткан.
АФК кыргыз футболчусунун апта ичиндеги оюнундагы статистикасын белгилеген. Анда Алыкулов "Тобол" командасына каршы беттеште 66 мүнөт ойноп, 1 гол киргизип, 1 голдук пас бергенин, командалаштарына топ өткөрүп берүүсү 83 пайыз так болгонун баса көрсөткөн. Ал эми үчүнчү орун үчүн карагандалык "Шахтер" менен 45 мүнөт ойнолгон оюнда голго салым кошуп, топ өткөрүп берүүсү 91 пайыз так болгон.