БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, абанын температурасы дагы төмөндөй турганын эскертти.
Бүгүн, 15-мартта, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Кээ бир аймактарда туман түшөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.
15-16-мартта абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5 градус, Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5 градус суук болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5 градус жылуу болот.
15-17-март күндөрү Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5 градус, Нарындын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2 градус, тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -8…-13 градус суук болушу күтүлөт.
Мындай аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
ӨКМ төмөнкү аймактарда кар көчкү түшөрүн жана жолдорго муз тоңорун эскертет:
Бул аймактарда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.