КРСУда орус тили боюнча жаңы китептердин семинары өтөт

Кыргыз тилдүү мектептердин орус тилинен сабак берген мугалимдери заманбап китептер менен сабак өтүүнүн өзгөчөлүгүн, китептердин билим берүүдөгү ролун талкуулашат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. 29-март күнү Кыргыз-Россия Славян университетинде "Кыргыз тилдүү мектептер үчүн орус тили боюнча китептер: тарых, лингвометодикалык негиздер, практика жана аны колдонуу натыйжалары" аттуу онлайн-семинар өтөт. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматынан билдиришти.
Жапаров менен жолуккан РФтин агартуу министри "Артекке" 150 сертификат белек кылды
Катышуучулар жаңы китептердин концепциясы менен тааныша алышат.
"Орус тили боюнча сабактардын сааты кыскаргандыгына жана тилди окуу ыкмалары өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу китептин концепциясын өзгөртүү муктаждыгы келип чыкты. Бирок жаңы китеп менен иштөө кыйынчылыктарды жаратты. Аны жоюу үчүн маалыматтык түшүндүрүү иштерин аткаруу зарыл", - деп айтылат маалыматта.
Иш-чаранын уюштуруучусу - Кыргыз-Россия Славян университетинин Орус тили институту.