COVID эки адамдын өмүрүн алып, 67 кишиге илешти. Акыркы маалымат

Оору жуктуруп алгандар мурдагыдай эле Чүй облусу менен Бишкек шаарында көп. Эң аз Ош шаары менен Жалал-Абад облусунда катталды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Коронавирусту бир суткада 67 адам жуктуруп, 27 киши сакайды жана эки киши көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Ооруну жуктургандар:
Пандемиядан бери 86 917 киши оору илештирди.
COVID-19 илдетинен сакайгандар:
Жалпы ооруну жеңгендер 83 836 болду.
COVID-19 илдетинен көз жумган эки киши Бишкек шаарында дарыланып жаткан. Коронавирустан каза тапкандар ушуну менен 1 483кө жетти.
Учурда стационарда 345 бейтап дарыланууда. Бир адамдын абалы канааттандырарлык, 236сы орто, 91и оор жана 17си өтө оор абалда.