Бизнес план түзүүдө башкы бетине дыкат көңүл буруу зарыл. Ал кооз жана тыкан болбосо инвестор андан ары барактабай деле коюшу мүмкүн. Бул тууралуу Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бизнес планды кыскача сүрөттөгөн коштомо кат милдеттүү түрдө жазылуусу шарт.
"Бизнес план түзүүдө титулдук баракчага көңүл буруу зарыл. Анткени башкы барагы тыкан болбогон долбоорду инвестор ачып карабай деле коюшу мүмкүн. Мындан сырткары, кенен жазылган долбоордун кыскача маанисин берген коштомо кат тиркелиши керек. Андан кийин компаниянын тарыхына токтолуп, басып өткөн жолундагы юридикалык маанилүү маселелерди да жазып коюу туура болот. Мисалы, компания карызын төлөй албаганы үчүн башка адамга өтүп кеткен чыгар. Ушундай урунттуу учурлар көз жаздымда калбашы керек. Ошондой эле каржылык шарттары, активдер жана милдеттердин өзгөрүшү, персонал жөнүндө кенен маалымат камтылышы керек. Күчтүү тараптарын белгилөө менен компаниянын алсыз жактарын да ачыктоо шарт", — деди Акимова.
Экономист ошондой эле чыгарылган продукцияны жарнамалоо, коомдук байланыш жана бизнестин жайгашкан локациясы тууралуу да өзүнчө жазылышы керектигин кошумчалады.