БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат өтөп жаткан 11 аскер кургак учук жугузуп алды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Министрликтин маалыматына караганда, оору жугузуп алгандар Бишкек шаарындагы №97632 аскер бөлүгүндө мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан жоокерлер.
"Факты боюнча Коргоо иштери мамлекеттик комитетинин Аскердик медициналык башкармалыгы эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүп, оорунун болжолдуу булагын аныктады. Жоокерлер Бишкек шаарындагы кургак учукка каршы ооруканада зарыл дарылануудан өтүшөт", — деп жазылат маалыматта.
Учурда оорунун жайылышын алдын алуу үчүн өздүк курам рентгенге тартылган. Окуянын жагдайын жана оорунун келип чыгышына күнөөкөрдү аныктоо максатында кызматтык иликтөө башталганы айтылды.