Бишкек шаардык кеңешине шайлоо: партиялардын бюллетендеги номери аныкталды

Чүчү кулак кармоого партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышкан. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрель күнү өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышып жаткан партиялардын бюллетендеги катар номери бекитилди.
Аймактык шайлоо комиссиясы бүгүн, 15-мартта, чүчү кулак кармоону уюштурган.
Анда төмөндөгүдөй болду:
Азыркы тапта 28 шаардык кеңешке аттанган партияларга чүчү кулак карматуу уюштурулууда. Ага саясий уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышат.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрель күнү өтөт. Ага кошуп жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум дайындалган.