БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Борбор калаада "Жылдын чоң энеси" сулуулук сынагынын жеңүүчүсү тандалды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине бьюти-жарыштын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова билдирди.
Иш-чара кечээ күнү Бишкекте өткөн. Баш байге жана титул үчүн өлкөнүн ар кайсы аймагынан келген 16 катышуучу ат салышкан. Уюштуруучунун айтымында, чоң энелердин эң жашы 44тө, эң улуусу 70 жашта болгон.
"Финалда катышуучулар эки категорияга бөлүндү. Биринчи топко 44 жаштан 55 жашка чейинкилер кирсе, экинчи топко 56 жаштан 70 жашка чейинкилер кирди", — деди Намазбекова.
Калыстар тобу биринчи категориядагылар арасынан 52 жаштагы Гүлмира Жалиеваны жеңүүчү деп тапты.
Экинчи топтон 64 жаштагы Ракия Табалдиева "жылдын чоң энеси" болду.
Мындан сырткары, эки топтон тең биринчи вице-мисс дагы тандалды.
Байгелүү орундарга илингендердин бардыгына Түркияга жолдомо берилди.