Өкмөт бааларды турукташтыруу боюнча сунуштарды гана берип, ишкерлерден товарларды арзандатуу талабын коё албайт. Бул тууралуу Азамат Мукашев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып маалымдады.
Анын айтымында, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн импорттон көз карандуулук 30 пайыздын тегерегинде болуусу шарт.
"Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча программада эки стратегия бар. Биринчиси, тамак-аш боюнча тогуз позициянын 70 пайызы менен өлкө өзү камсыздаш керек. Экинчиси, өлкөдө жетишпеген азык-түлүк импорттолот. Бул үчүн ЕАЭБ жана башка экономикалык байланыштарыбыз бар, алар аркылуу ишкерлер ташып келип, рынок тийиштүү товарлар менен камсыздалууда. Учурда сырттан келген товарларды эске алганда ун азыктары 200, картошка 213, сүт 105, эт 69, мөмө-жемиш 44, жер-жемиштер 264, жумуртка 57, суу май 90-95 жана кумшекер 47 пайызга камдалган. Бул өзүбүздүн өндүрүшкө импортту кошкондо да жетишсиз болуп жатканынан кабар берет. Ошондуктан Россиядан 100 миң тонна буудай, кумшекер жана суу май сатып алуу макулдашылды. Албетте, муну ишкерлер дүң баада алып келип, рыноктогу атаандаштык, суроо-талапка жараша сатат. Министрлик ишкерлерге минималдуу үстөк коюу боюнча сунуш берет. Себеби өкмөт ишкерлерге бааны төмөн кылуу боюнча талап коё албайт", — деди Мукашев.
Аткаминер бааларды турукташтыруу максатында ири шаарларда өндүрүүчүлөрдүн өзүнөн сатып алууга мүмкүнчүлүк берген ярмаркалар уюштурулуп жатканын кошумчалады.
Маектин толук вариантын төмөнкү шилтемеден угуңуздар.