Айылдык кеңештин депутаттыгына 20 миңге чукул адам талапкерлигин койду

Өлкөнүн 420 айылдык кеңеши үчүн 7 560 мандат бөлүнгөн. Анын 2 943 мандаты квотанын негизинде аялдарга берилиши шарт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстанда айылдык кеңештин депутаты болууга ниеттенгендердин саны 19 140 адамга жетти. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Бишкек шаардык кеңештеги 45 орунга 1 820 талапкер аттанган
Айылдык кеңештин депутаты болууга камынган 19 140 адамдын 63ү саясий партиялар тарабынан, калганы өзүн-өзү көрсөткөн.
Шайлоого катышууга арыз берүү 11-мартта аяктады. Алардын документтери мыйзамдарга дал келерин Аймактык шайлоо комиссиялары текшерип, 22-мартка чейин талапкер катары каттайт. Андан соң үгүт иштери башталат.