Жапаров менен Мирзиёевден тарта чай берген кытайлык кыздарга чейин. Апта ирмеми

Sputnik

Улуу элдин учун улай... Эскини эске салган интерактивдүү музейден 14 сүрөт
Бишкектен анча алыс эмес жердеги этнокомплексте кыргыз маданияты боюнча интерактивдүү музей ачылды. Ошол эле учурда Москва шаарынын тургундары менен коноктору Владимир Ульянов-Лениндин 150 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөнү көрүп жатышат.

"Евровидение-2021" эл аралык сынагында Россиянын туусу алдында Тажикстанда туулган ырчы Manizha (Манижа Сангин) чыкмай болду.

Баса, өтүп кеткен апта Кыргызстан үчүн маанилүү окуялардын бири — Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун коңшу Өзбекстанга жасаган мамлекеттик иш сапары менен эсте калды.

1 / 18
Германиянын Венде жайлоосундагы альпакалар
2 / 18
Кашмир (Индия) мусулмандары Хазратбал храмында кудайга сыйынууда
3 / 18
Сириянын Маарет-Мисрин шаарындагы темир-тезек чогулткан жердеги бала
4 / 18
Испаниялык актриса Хиба Абук "Гойя" сыйлыгын таашыруу аземинде
5 / 18
"Евровидение-2021" эл аралык сынагына Россиянын атынан Тажикстанда туулган ырчы Manizha (Манижа Сангин) катышат
6 / 18
Аялдардын эл аралык күнүндөгү нааразычылык акциясы (Уругвай)
7 / 18
"Супара" этнокомплексиндеги интерактивдүү музейдин ачылышында
8 / 18
Бул жерге 2020-жылдын 30-декабрында көчкү түшүп, 10го чукул кишинин өмүрүн алган. Норвегиянын Аск кыштагы
9 / 18
Кытайдын элдин саясий консультативдик кеңешинин жыйынында чай берип турган кыз-келиндер. Пекин шаары
10 / 18
Москва шаарындагы Владимир Ульянов-Лениндин 150 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө
11 / 18
Сирияда күрд элинин улуттук кийимине арналган иш-чара өттү
12 / 18
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын ажосу Шавкат Мирзиёев Ташкент шаарындагы жолугушуу учурунда. 2021-жылдын 11-марты
13 / 18
Бодибилдинг боюнча Новосибирск кубогуна катышып жаткан спортчулар көшөгө артында турушат
14 / 18
Тайвандагы Taipei Fashion Week мода жумалыгы
15 / 18
Нью-Йорктогу Манхэттен көпүрөсүнүн жанындагы көркөм инсталляцияда ойноп жаткан балдар
16 / 18
АКШнын Пенсильвания штатында коронавируска каршы вакцинаны бейтапка саюуга даярданып жаткан медик Супермендин костюмун кийип алды
17 / 18
Бишкектеги Масленица майрамы
18 / 18
Афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө шектелип жаткан мурдагы полиция кызматкерине карата сот отуруму алдындагы нааразычылык акция