Аба ырайынан улам футбол боюнча өлкө чемпионатынын беттештери жылды

Бүгүн, 15-мартта, футбол боюнча Кыргызстандын Шоро премьер-лигасынын 2021-жылдагы сезонунун алгачкы оюнунда "Абдыш-Ата" клубу менен "Кара-Балта" командасы кез келмек.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча Шоро премьер-лигасынын командаларынын арасындагы жаңы сезондун алгачкы үч оюну белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы Instagram баракчасына жазды. 
Анда айтылгандай, буга аба ырайы себеп болгон.
"Күндүн бузулуп, оюн талаасынын беттештерди өткөрүүгө даяр эместигине байланыштуу чемпионаттын биринчи туруна белгиленген үч беттеш белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бүгүн, 15-мартта, "Абдыш-Ата" менен "Кара-Балта", эртең "Алга" менен "Илбирс" жана "Дордой" менен "Нефтчи" командалары беттешмек", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми 16-мартта Ош шаарындагы Акматбек Суюмбаев стадионунда "Алай" менен "Каганат" оюну мурда кабыл алынган мөөнөттө өтөт.
Өткөн жылы өлкө чемпионатын Бишкектин "Дордой" клубу жеңген.