Мариповдун Ош, Жалал-Абадга болгон сапары эмне менен аяктады. Видео

Премьер-министр Улукбек Марипов апта аягында жумуш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барды. Анын алкагында бир катар социалдык, инфраструктуралык объектилердин абалы жана айрым өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Өкмөт башчы өлкөнүн түштүк аймагындагы сапары тууралуу отчеттук видеону социалдык тармактагы баракчаларына жарыялады.
Марипов айыл чарба объектилеринин ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып, дыйкандардын көйгөйлөрүн укту.
Марипов: ширелерди четтен сатып алабыз, өзүбүздүн алмалар чирип жатат
Ош облусунун Араван районундагы дыйкандар менен жолугушуусунда аграрийлерди колдоо өкмөттүн артыкчылыктуу багыты экендигин айткан.
Өкмөттүн башкы милдети – элеттик эмгекчилерди сапаттуу үрөн жана жер семирткичтер менен камсыздоо экенине, аталган жаатта тийиштүү иштер жүрүп жатканына ишендирди.
Ошондой эле ал өзгөчө жазгы талаа иштери өз убагында жана сапаттуу жүргүзүлүшү зарыл экендигин белгилеген.
Андан соң премьер-министр Жалал-Абад шаарындагы психологиялык-неврологиялык жатак үйүнүн ишмердүүлүгү менен таанышып, өкмөттүн атынан балдарга кам көрүү каражаттарын сатып алууга 100 миң сомдук сертификат берди.