УКМК Баткенде курал-жарак жана баңгизат катылган жерди таап чыкты. Сүрөт

Азыркы учурда атайын кызмат бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды улантып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Баткен облусунда баңгизат, курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жер табылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2
Баткен облусунда баңгизат, курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жер табылды
2 / 2
Билдирүүгө ылайык, 11-мартта аталган облустун Баткен районунун аймагында жашырылган жерден мылтыктын 5,45 жана 7,62 миллиметр калибрдеги 37 даана огун, андан тышкары, таңгакталган белгисиз заттар, жалпы салмагы 250 граммдан ашык марихуана, спецификалык жыты бар заттар чыккан.

Базар-Коргондон ок-дары, граната катылган жерди табышты. Сүрөт
Бул материалдар Жазык кодексинин 253-беренеси ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Табылган заттар тийиштүү экспертизага жиберилди.
Азыркы учурда УКМК бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды улантып жатат.