Көзгө сайды. UFC мелдешинин башкы кармашы аягына чыкпай калды

Эдвардс тыюу салынган сокку менен атаандашын көзгө сайды. Мындан улам Белал кармашты уланта алган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын UFC Fight Night 187 мелдешинин башкы беттешинде жеңүүчү аныкталган жок. Анда британиялык Леон Эдвардс менен америкалык Белал Махаммад кармашкан. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.
АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн турнирдин экинчи раундунда Эдвардсдын соккусу (тыюу салынган) атаандашынын көзүнө тийген. Эрежеден тыш учурдун сүрөтүн промоушендин президенти Дана Уайт өзүнүн Facebook баракчасына чыгарды.
Мындан улам Белал кармашты уланта алган эмес.
Жыйынтыгында кеченин башкы беттеши өткөн жок деп табылды.