Орозо быйыл Кыргызстанда 13 же 14-апрелге туш келет

Муфтият орозонун так датасы Рамазан айына жакын калганда айтыларын белгиледи. Былтыр кыргызстандыктар 24-апрелден тарта ооз бекиткен.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Быйылкы орозо 13 же 14-апрелге туш келери болжолдонууда. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кабарлады.
Мал союлбайт! Орозо айтты туура өткөрүүнүн жол-жобосу
Рамазан айы Ай жаңыргандан тарта башталат. Себеби ай календары Григорян календарына караганда 11 күнгө кыска. Буга байланыштуу орозо жыл сайын өткөн жылга салыштырмалуу 11 күнгө эрте башталат. Мисалы, былтыр кыргызстандыктар 24-апрелден тарта ооз бекиткен. Бул 2019-жылга караганда орозо 11 күн эрте башталды дегенди билдирет.