Марипов: паспорт менен күбөлүктөрдү айыл өкмөтү берип баштайт

Өкмөт башчы аймактарда калкты тейлөө борборлорун көбүрөөк ачып, элге документ берүүнү жеңилдетүү керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Айыл өкмөттөрүнө бир катар документтерди жана күбөлүктөрдү, анын ичинде паспортторду берүү укугуна ээ болот. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов кабарлады.
1 / 3
Айыл өкмөттөрүнө бир катар документтерди жана күбөлүктөрдү, анын ичинде паспортторду берүү укугуна ээ болот. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов кабарлады
2 / 3
Өкмөт башчы Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Араван районундагы калкты тейлөө борборлору жайгаша турчу имараттарды көрүп чыкты
3 / 3
Ал белгилегендей, аймактарда мындай борборлорду көбүрөөк ачып, элге документ берүүнү жеңилдетүү керек.
Өкмөт башчы Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Араван районундагы калкты тейлөө борборлору жайгаша турчу имараттарды көрүп чыкты.
Ал белгилегендей, аймактарда мындай борборлорду көбүрөөк ачып, элге документ берүүнү жеңилдетүү керек.
"Айыл өкмөттүн милдеттерине бир катар күбөлүктөрдү берүү киргизилет. Алар туулгандыгы, каза болгондугу, нике жөнүндө, аталыкты аныктагандыгы, жашаган жери тууралуу документтер, "балага сүйүнчү" жана башка справкалар", — деген Марипов.
Ал кошумчалагандай, айыл өкмөттөрү калкты тейлөө борборлору сыяктуу эле ID-паспортторду, жарандык паспортторду алмаштырууга документтерди кабыл алып, аларды бере алышат.