Мигранттар Кыргызстанга январь айында канча акча которду

Акыркы жылдагы түшкөн каражаттарды салыштыра келгенде быйылкы сумма 2005-жылдан берки экинчи жогорку көрсөткүч болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. 2021-жылдын январында Кыргызстанга 151, 5 миллион доллар которулганын Улуттук банк кабарлады.
Улуттук банктын резерви күнүнө 2,5 млн. долларга азайып жатат
Бул каражаттар өткөн жылдын январь айындагы суммадан көп (148,5 миллион доллар), бирок 2019-жылдын биринчи айында которулган акчадан (165,2 миллион доллар) аз. Мындайча айтканда, учурдагы сумма 2005-жылдан берки экинчи жогорку көрсөткүч.
Белгилей кетсек, каражаттын көбү — 147,4 миллион доллары Россиядан (рубль менен) түшкөн.