БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат таратты.
Билдирмеге караганда, өткөн жумага салыштырмалуу келе жаткан аптада абанын температурасы төмөн болуп, күн кайра суукташы божомолдонду. Нооруз майрамына чукул кар жаашы ыктымал.
Чүй, Талас облустары
14-марттан 17-мартка чейин эки облустун көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлүүдө. Чүйдүн кээ бир аймактарына жаан катуу жааса, тоолуу жерлерге кар түшүүсү ыктымал.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Түштүк аймактарында да 17-мартка чейин күндүн көзү ачылбай, жаан жаай турганы айтылды. 18-мартта күн ачык болсо, 19-мартта кар жаашы мүмкүн.
Ысык-Көл облусу
Ысык-Көлдө дагы бул аптада аба ырайы төмөн болот. 14-марттан 17-мартка чейин жаан, айрым аймактарга кар жааса, 18-19-мартта күн ачык болору божомолдонду.
Нарын облусу
Тоолуу аймактын көпчүлүк жерине аптанын алгачкы үч күнүндө жаан, кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы кескин муздайт.
Өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында 18-19-мартта күн ачылып, 20-март күнү кайра кар жаашы божомолдонду.