Антон Землянухин Бишкектин "Алга" клубуна өттү

Землянухин курама команданын эң мыкты чабуулчуларынын бири. Футболчу буга чейин "Дордой" клубунда ойноп, келишиминин мөөнөтү жакында эле бүткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү футболчу Антон Землянухин Бишкектин "Алга" футбол клубуна өттү. Бул тууралуу аталган клуб Instagram баракчасына жазды.
"Расмий түрдө: Антон Землянухин Бишкек шаарынын "Алга" командасынын оюнчусу", — деп жазып, "Кош келдиң" деген сүрөтүн чыгарышкан.
Буга чейин Землянухин "Дордой" клубунда ойноп келген. Келишиминин мөөнөтү жакында эле бүткөн болчу.
Землянухин курама команданын эң мыкты чабуулчуларынын бири. Казакстандын, Түркиянын, Сербиянын, Таиланддын, Россиянын футболдук клубдарында ойногон.