Жекшембиге карата аба ырайы

14-мартта туруксуз аба ырайынан улам кээ бир райондордо туман түшүп, зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткү пайда болот.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Жекшемби күнү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр төгүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Өкмөт быйыл дыйкандарга 314 млн. сом жеңилдетилген насыя берди
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -2...+3, Талас жергесинде -3...+2, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +2...+7, Ысык-Көл аймагында +6...+11, ал эми Нарында +1...+6 градус болору айтылды.
Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Термометр борбордо -1...+1 жана Ош калаасында +4...+6 градусту көрсөтөт.