Өкмөт быйыл дыйкандарга 314 млн. сом жеңилдетилген насыя берди

Долбоор башталгандан бери элеттеги 102 051 чарбалык субъектиге 40,77 миллиард сомдук кредит берилгени айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Өкмөт жыл башынан бери "Айыл чарбасын каржылоо – 9" долбоорунун алкагында дыйкандарга 313 миллион 763,6 миң сомдук жеңилдетилген насыя берди. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлиги билдирди.
Дыйкан-фермерлер жеңилдетилген кредитти кантип кайдан алса болот. Шарттары
"Айыл чарбасын каржылоо" долбоору 2013-жылы башталган. Ушул кезге чейин элеттеги 102 051 чарбалык субъектиге 40,77 миллиард сомдук жеңилдетилген насыя берилгени айтылат.