Бишкек шаардык кеңештеги 45 орунга 1 820 талапкер аттанган

Жалпысынан Кыргызстандын ар кыл бурчундагы шайлоочулар 28 шаардык кеңешке 796 депутатты тандашы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Баш-аягы 11 782 киши Кыргызстандын калааларындагы шаардык кеңешке депутат болууга аттанды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
11-мартта шаардык кеңештердин депутаттыгына саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлерди каттоонун мөөнөтү аяктады.
"Жалпысынан 28 шаардык кеңешке 796 депутат шайланышы керек. Талапкерлердин саны 11 782 кишиге жетти. Депутаттык бир орунга орточо эсеп менен алганда 14 талапкер туура келет. Шайлоого камынган саясий партиялар менен жарандардын көбү Бишкекке туура келет. Тагыраагы, 25 партия жана бир орунга 40 талапкер ат салышууда. Эң азы Көк-Жаңгак шаарында. Аталган аймакта үч партия жана депутаттык бир орунга 5 кишиден туура келди", — деп айтылган маалыматта.
Маалыматта шайлоого катышууга камынып арыз берген 59 партиянын ичинен 56сы катталганы айтылды. Бирөө саясий бирикмеден баш тартышса, экөө бул өнөктүккө катышпоо чечимин өздөрү кабыл алган.
Бишкек шаардык кеңешинде 45 депутаттык орун бар. Ага ээ болуу үчүн 25 партия 1 820 талапкери менен аттанган.