Кыргызстандын дзюдочу кыздары Азиянын ачык чемпионатына сапар алышты

Мелдеш 13-14-март күндөрү Казакстандын Актау шаарында Турар Жолдыбаевдин элесине арналып өткөрүлөт. Аталган турнирде 8 өлкөдөн 200дөн ашуун балбан кыз күч сынашат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Дзюдо боюнча Кыргызстандын кыздар курама командасы Азиянын ачык кубогу мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Мелдеш 13-14-март күндөрү Казакстандын Актау шаарында Турар Жолдыбаевдин элесине арналып өткөрүлөт. Аталган турнирде 8 өлкөдөн 200дөн ашуун балбан кыз күч сынашат.
Кыргызстандын командасынан төмөнкү спортчулар кетишти:
Дзюдочу кыздарды улук машыктыруучу Тахмина Назармухамедова жетектеп кетти.
Белгилей кетсек, балбандар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык жөнөтүлдү.