Казакстанда баалар "чектен чыгып", бийлик кескин чараларга бара баштады

Коңшу өлкөнүн Соода министрлигинен билдиришкендей, бааны белгиленген ченден көтөрүп саткан түйүндөр айыпка тартылат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Казакстанда баалар акыркы беш жыл ичиндеги рекордунан ашып, "чектен чыгып" кетти. Бул тууралуу өлкөнүн соода жана интеграция министри Бахыт Султановго шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
"Жыл башынан бери социалдык маанилүү товарларга баалар 2,8 пайызга өстү. Бул акыркы беш жыл ичиндеги рекорддук көрсөткүч. Андыктан товарларга белгилүү бир бааны коюп берип, андан ашырбоо талабын коюуга аргасыз болуп турабыз. Ошол эле учурда жергиликтүү башкаруу органдары товар өндүрүүчүлөр менен баа боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү зарыл. Анткени баага коюлган чектөөлөр товарлардын дүкөн текчелеринен жок болуп кетишине алып келбеши керек", — деди министр.
Марипов: мамлекет акча бөлдү, жакында кант менен май арзандашы керек
Соода министрлигинен билдиришкендей, бааны белгиленген ченден көтөрүп саткан түйүндөр айыпка тартылат.
Белгилей кетсек, ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттерде баалар жана тарифтер жогорулап жатат. Алардын арасынан эң жогорку көрсөткүч Беларуста катталууда.
Буга чейин Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов социалдык жактан маанилүү азык-түлүктөрдүн баасын оздукташ үчүн кыргыз өкмөтү кандай чара көрүп жатканын айтып берген.